Мени Сүйсөң

Мени Сүйсөң

Lucky

Длительность: 3:12
Год: 2024
Скачать MP3

Текст песни

Мени сүйсөң баардыгына чыдап сүй
Жүрөк менен жүрөгүмдү тыңдап сүй
Жалган жашоо сыяктанбай жанымда
Сезимимди ойнотпостон чындап сүй

Мени сүйсөң жай чилдедей ысып сүй
Кучагыңа бекем мени кысып сүй
Муздай тоңуп турсаң дагы билгизбей
Жалындаган отко окшоп кызып сүй

Мени сүйсөң сүйүүмдү сен сезип сүй
Жүрөгүмдү элжиретип эзип сүй
Сүйүү үчүн даяр болуп баарына
Бут ааламды чарк айланып кезип сүй

Мени сүйсөң деңиз болуп чалкып сүй
Ысык Көлдүн тынчтыгындай балкып сүй
Сезимдеги сага болгон сүйүүмдүн
Эң таттуусун жалгыз өзүң калпып сүй

Мени сүйсөң жай чилдедей ысып сүй
Кучагыңа бекем мени кысып сүй
Муздай тоңуп турсаң дагы билгизбей
Жалындаган отко окшоп кызып сүй

Мени сүйсөң сүйүүмдү сен сезип сүй
Жүрөгүмдү элжиретип эзип сүй
Сүйүү үчүн даяр болуп баарына
Бут ааламды чарк айланып кезип сүй